«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15-декабрьнан 21-декабрьна чейин 2777 телефондон кайрылүү, же бир суткада 396 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 43 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 11 же 25,6 % жаш балдардан, ал эми 32 же 74,4% чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 26 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 8 психологиялык консультация берилген.

43 чалуунун  ичинен эркектерден – 4 (9,3%), аялдардан – 39 (90,7%), балдардан – 11, анын ичинен  кыздардан – 11 (100,0%), эркек балдардан – 0.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– психологиялык жабырлануудан – 7;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор – 1.

2734 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  17 же (39,5%);

– Чуй облусу – 12 же (28,0%);

– Ыссык – Көл облусунан – 4 же (9,3%);

– Жалал – Абад облусунан – 3 же (7,0%);

– Ош облусунан – 3 же (7,0%);

– Нарын облусунан – 2 же (4,6%);

– Баткен облусунан – 2 же (4,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар