«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылы 143630 телефондон кайрылуу (же орточо бир суткада 393 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1832 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (263 же 14,4% жаш балдардан, ал эми 1569 же 85,6% чоң адамдардан түшкөн), 1120 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 174 абонентке психологиялык консультация берилди, 538 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1832 чалуунун  ичинен эркектерден – 457 (25,0%), аялдардан – 1375 (75,0%), балдардан – 263, анын ичинен эркек балдардан – 79 (30,0%), кыздардан – 184 (70,0%).

2018 – жыл (745 чалуу) менен салыштырганда 2019 – жылы чалуулардын саны 2,5 эсе көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, “111 Балдар үчүн ишеним телефонуна” кайрылуу жөнүндө маалымат кампаниясынын жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болду.

1832 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 554 чоң адамдар же 30,2% социалдык жардам сурап чалган. Алар балдарга мамлекеттик жөлөкпул чектөө жана төлөө, камкорчусунан ажырагандыгына байланыштуу пенсия, пособие чектөө, айлык акыны, персоналдык ассистенттин кызматын төлөө, МСЭКтин баланы кароого муктаждыгы тууралуу корутунду алуу, майыптыгын жана группаны кайра карап чыгуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балага көп функционалдуу кресло-коляска, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, балдарды асырап алуу, камкордукка берүү, балдарды интернат тибиндеги балдар үйүнө, же реабилитациялык борборлорго жайгаштыруу, ата-эненин бирөөсүнүн карамагына балдарды берүү, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнү суу менен камсыз кылуу, балдарды издөө, жолугуу, башка жакка чыгарып кетүү боюнча маалымат, “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо боюнча кайрылышкан.

Борборго кайрылган 229 же 12,5% абонент материалдык, финансылык, юридикалык, азык – түлүк менен жардам, адвокат, юрист, психолог, логопед, мумкүнчүлүгү чектелген баланы кароочу адам керектиги, үй, жер берүү, мүлк бөлүштүрүү, алимент тууралуу, эрте турмушка чыккан өспүрүм кыздын никеге туруусу, салттуу ыкма менен дарыланууга мажбурлоо учурларда, психиатриялык ооруканадан чыгуу, ичимдик ичкенди таштоо, баңги затка көз карандылыкты дарылоо, суицидден сактоо, энеси менен байланышуу,  өспүрүмдөрдү, тилемчилерди текшерүү, балдарга туулган тууралуу күбөлүк, паспорт, соттолбогон тууралуу маалымкат алуу боюнча жардам, мамлекеттик  мекеме жана башка уюмдардын даректерин сурашкан.

183 же 10,0% абоненттер балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарлаган (атасы, энеси, өгөй энеси, чоң энеси, чоң атасы, туугандары, агасы, эжеси, тайкеси, теңтуштары, мугалим, мектептин кароолчусу, кошунасы, бейтааныш адамдар, тарбиячы тарабынан, өспурүмдөрдүн мушташы).

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 166 же 9,1% абонент чалган. Буларга туугандар, кайынэне, келин, балдар менен ата – энелердин арасында түшүнбөстүктөр, чыр–чатактар, ата-энелик милдеттерди аткарбагандыктан, ажырашуу, күйөөсүнүн ичимдик ичкендигинен, кызгануудан, ажырашканда балдарды ата – энесинин бирөөсүнүн карамагына берүү, энелер тарабынан  балдарын аталарына жолуктурбагандыгы, бала менен жолугуу тууралуу соттун чечимин аткарбоо, күйөөсү, баласы тарабынан коркутуу, алимент төлөбөө, жер, мүлк бөлүштүрүү себеп болгон.

Психологиялык жабырлануудан  153 же 8,4% абонент, алардын ичинен 109 жаш балдар кайрылган. Жаш балдардын кайрылуусуна баарлашуунун жетишпездиги, жалгыздык сезими, ата – энелери менен болгон  чыр–чатактан, келишпестиктен, өспүрүмдөрдүн, тең туштардын бири – бири менен, ата – энесине болгон таарынычтардан, алар менен түшүнбөстүк, депрессияда болуудан, эркинин жетишпестигинен, ата – энесинин бардык нерсеге тыйуу салгандыктан, атасынын жүрүм – турумунан, бейтааныш эркектерден корккондуктан, эрте никеге турууга мажбурлагандан, туугандарына тынчсыздануудан, музыкалык аспапты, акча жоготкондугунан, өткөн окуяга байланыштуу, окуудан кыйналгандыктан, экзамен тапшырууда, башка мектепке которулгандыктан, калп айтуу адатынан, салтка жатпаган багыттан, күйөөсүнүн аракечтигинен, турмуштук оор кырдаалга кабылуу, жумушсуз калгандыктан болгон. Жаш балдар көбүнчө  психологиялык жабырлануунун кесепетинен кайрылган.

Билим берүү системасы боюнча 112 же 6,0% абонент чалып, мектептин мугалимдеринин, класс жетекчинин, социалдык педагогдун, директордун ишине арыздануу, мектепте акча чогултууга, окуучу кызды кемсинтүү, китептердин жетишсиздиги, окуу программалардын оордугу, жаш балдардын эмгегин колдонуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коррекциялык мектепке жайгаштыруу же үйдө окутуу, балдар бакчаларынын администрациясынын ишине, анын шартына нааразычылык, электрондук кезек, балдардын тамактануусу боюнча билдирген.

98 же 5,3% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, баласы, кошунасы, белгисиз эркектер тарабынан, эрте никеге турууга мажбурлоо).

72 же 3,9% кайрылуу балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу (атасы, апасы, өгөй энеси, чон атасы, чоң энеси, камкорчусу, кошунасы, балдар борборунун тарбиячысы тарабынан).

70 же 3,8% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери, ата – эне, чоң эне, классташтар тарабынан түшүнбөстүк, өгөй ата менен өз ара мамиле, балдарды кароосуз калтырган, өспүрүмдүн үйдөн качып кетүүсү,  окуу менен жумуштуу айкалыштырууга, мечитке барууга тыйуу салуу тууралуу  чалуулар түшкөн.

60 же 3,4% абонент Борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

46 же 2,5% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген.

42 же 2,3% чалуулар ар кандай суроолор боюнча (бей тааныш адамдардан балдарды сактоо, балдарга зыян оюнчуктардын, азык – түлүктөрдүн сатылуусу, учактардын абадан химиялык заттарды таштоосу, соцтармак аркылуу коркутуу, теледеги жарнамалар, тынчтык бербеген кошуналар, маршруттук таксилерге арыздануу жана башкалар жөнүндө).

34 же 1,9 абонент медициналык камсыз кылуу  (доктурдун, медайымдын, тез жардам кызматынын ишине нааразычылык, медициналык кароого төлөм, балдардын оорусу, стационардык мекемеге, психикалык ден соолук Борборуна жайгаштыруу, тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

10 абонент же 0,5% мектептеги рэкет (жогорку класстагы окуучулар тарабынан акча, уюлдук телефонду тартып алуу) боюнча.

2 же 0,1 суицид (оор кырдаалга калгандыктан, паспортту жоктугунан, жалгыздыктан) тууралуу чалган.

1 дам же 0,1% соцтармактарда интернет оюндарын таркатуу тууралуу чалган.

141798 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

538 кайрылуунун ичинен 442 же 82,2% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  55 же 10,2% – ички иштер органдарына, 21 же 3,9% – билим берүү органдарына, 10 же 1,8% -саламаттыкты сактоо органдарына, 10 – же 1,9%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

 Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат.

Түшкөн 1389 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

  • Бишкек шаарынан   –695 же 38,0 %;

– Чуй облусу –283 же 20,4%;

– Жалал – Абад облусу –  224 же 12,2%;

– Ош облусу – 205 же 11,2 %;

– Ысык – Көл облусу – 148 же 8,1%;

– Нарын облусу –76 же 4,1 %;

– Баткен облусу – 74 же 4,0 %;

– Талас облусу – 54 же 3,0 %.

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 7 абонентке арызы менен ИИБ жана сотко кайрылуусу сунушталган, алардын ичинен 3 факты анык болуп, 36 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 19 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, мында 9 үй-бүлө каттоого алынган жана алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 2 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, интернат тибиндеги балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылган.

11 – жашы жете элек балдар убактылуу интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырылган;

– 3 бала үй – бүлөдөн алынып, туугандарынын камкордугуна убактылуу берилди;

– 56 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 27 үй-бүлө менен райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери  тарабынан балдарды тарбиялоо жана багуу тууралуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү;

– 33 абонентке тийиштүү маммлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди;

– 5 балага мамлекеттик жөлөкпул чектелди;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга жардам көрсөтүлдү;

– 1 бала мектепке жайгаштырылды;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу 1 факты боюнча шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин мугалимдери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү;

– мектептеги рэкет боюнча 2 факты боюнча мектепте окуучулар арасында алдын луу иштери жүргүзүлдү;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн боюнча РИИБ  1 факт боюнча аял арыз жазды;

– 1 үй – бүлөгө жеригиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү;

– 8 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

Пайдалуу
Ссылкалар