«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын январь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат:

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1- 7 январына  чейин  2547  телефондон кайрылуу (же бир суткада 364 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 30  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 4 же  (13,3%) жаш балдардан, ал эми 26 же (86,7%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 22 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

30 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (23,3%), аялдардан – 23 (76,7%), балдардан – 4: анын ичинен эркек балдардан – 0, кыздардан – 4 (100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9 абонент чалган;

–  финансылык, юриддикалык жана башка жардам сурап – 5;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 1;

– баланы тарбиялоо, анын журум-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу -1;

-мамлекеттик органдардын аймактык болумдорунун кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип -1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2527 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  9  же  (30,0%);

– Чуй облусунан – 5  же (16,7 %);

– Джалал-Абад облусунан – 5 же (16,7%);

– Ысык – Көл облусунан – 5 же  (16,7%);

– Баткен облусунан – 2 же  (6,7 %);

– Ош облусунан – 2 же  (6,6 %);

– Нарын облосунан – 2 же   (6,6 %).

Пайдалуу
Ссылкалар