2019-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуунун конкурсун өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуунун конкурсу (мындан ары – Конкурс)  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 13-сентябрындагы №541 буйругунун 4-пунктуна ылайык, туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарын улутташтыруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу максатында өткөрүлөт.

Конкурстун негиги максаты – өлкөнүн улуттук иденттүүлүгүн жана маанисин чагылдырган ТӨМдүн уникалдуу, кызыктуу, унутулгус логотибин түзүү.

Конкурстук иштерди тапшыруунун мөөнөтү 2019-жылдын 22-ноябрында жыйынтыкталды. Жалпысынан 9 конкурстук иш келип түштү, алардын ичинен конкурстук комиссия карап чыгып, эң жакшы иштер аныкталды-конкурстун финалистери. Ар бир конкурстук ишке жеке номерлер берилди. Баалоонун жыйынтыгы менен № 6, 7, 9 конкурстук иштер эң жогорку баллдарды алышты.

Жобого ылайык, эң жогорку балл алган конкурстук иштер Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо боюнча Кординациялык комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча абсолюттук жеӊүүчү  баалуу байге алат. 2-3 орунду алаган финалисттер эстелик белектер менен сыйланышат.

Маалымат катары:

        Конкурс жөнүндө Жобо 2019-жылдын 16-октябрында ведомстволор аралык биргелешкен буйрук менен бекитилген. Жобого ылайык эң жакшы конкурстук иштерди тандоо боюнча конкурс бир этап менен өткөрүлдү (үчтөн көп эмес иш).

        Конкурс жөнүндө маалымат (жарыя), ошондой эле конкурс жөнундо Жобо массалык-маалымат каражаттарына жарыяланды (“Слово Кыргызстана”, “Кыргыз Туусу” 2019-ж. 18-октябры), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринин веб-сайттарына жайгаштырылган.

        Андан сырткары, социалдык тармактар жана башка массалык-маалымат каражаттар аркылуу маалыматтык иштер жүргүзүлдү

Пайдалуу
Ссылкалар