Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин (УЫС) долбоорун даярдоо боюнча социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өткөрүлдү

2020-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча (ТӨМ 1, 2, 3, 4, 5, 17) Улуттук ыктыярдуу серептин (УЫС) долбоорун даярдоо боюнча социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Жыйындын максаты туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасынын учурдагы абалы, ошондой эле Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо үчүн кийинки кадамдарды талкуулоо болду.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2020-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө Кыргызстан контексинде Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө улуттук артыкчылыктардын ортосундагы  мамилелерди комплекстүү талдоону жыйынтыктап, андан кийин негизги министрлик жана ведомстволор менен талкулоону уюштуруу сунушталды.

Ошондой эле, жумушчу топтун мүчөлөрүнө социалдык маселер боюнча УЫСтын бөлүмүнүн долбоору даярдалгандан кийин, 3 күндүн ичинде жарандык сектор менен талкулоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнугүү министрлигине сунуштарды берүү тапшырмасы берилди.

Пайдалуу
Ссылкалар