Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жамааты Джапаркулова Марина Кадырбаевнаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандыгы менен куттуктайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жалпы жамааты КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин директору – Джапаркулова Марина Кадырбаевнаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйландыгы менен куттуктайт.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 30-декабрында Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Пайдалуу
Ссылкалар