«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын январь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат:

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  15 – 21 январына  чейин  2788  телефондон кайрылуу (же бир суткада 398 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 56  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 3 же  (5,4%) жаш балдардан, ал эми 53 же (94,6%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 37 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 16 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

56 чалуунун  ичинен эркектерден – 13 (23,2%), аялдардан – 43 (76,8%), алардын ичинен балдардан – 3: анын ичинен эркек балдардан – 1 (33,3%), кыздардан – 2 (66,7 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 25 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 10;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 3;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– билим берүү системасы – 3;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 2;

-балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

-БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2732 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  19 же  (33,9%);

– Чуй облусунан – 10 же (17,9 %);

– Джалал-Абад облусунан – 9 же (16,1%);

– Ош облусунан – 8 же  (14,3%);

– Ысык – Көл облусунан – 5 же  (8,9%);

– Талас обласынан – 2 же (3,6%);

– Нарын обласынан – 2 же (3,6%)

– Баткен облусунан – 1 же  (1,7 %).

Пайдалуу
Ссылкалар