Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин (Улуттук сереп) долбоорун даярдоо боюнча социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өткөрүлдү

2020-жылдын 24-январында, Кыргыз Республикасындагы мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн Улуттук тармагынын жана баалоо жаатындагы Эл аралык кызматташуу уюмунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын (1, 2, 3, 4, 5, 17 ТӨМ) ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү боюнча (Улуттук сереп) долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурум практикалык семинар түрүндө өттү. Семинардын максаты башка өлкөлөрдө ТӨМын аткаруу боюнча өзгөчөлүгүн, Улуттук серепти даярдоо боюнча эл аралык тажрыйбаны, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Улуттук серептин даярдоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулоо болду.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстан тарабынан ратификацияланган конвенциялар жана башка эл аралык актылар менен ТӨМын байланышы,  саясаттын призмасы аркылуу статистикалык маалыматтарды талдоо жүргүзүү, артыкчылыктуу багыттарды тандоодо критерийлерди аныктоо маселелер талкууланды.

Ошондой эле, жарандык коом менен консультацияларды уюштуруунун жалпы принциптери каралды.

Пайдалуу
Ссылкалар