2019 – жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1926 арыз жана даттануулар келип түшкөн

2019 – жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1926 арыз жана даттануулар келип түшкөн.
Жарандар көбүнчө мамалекеттик жөлөкпулдар боюнча кайрылышкан – 17,0% (327 арыз), жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация берүү боюнча – 13,5% (260 арыз), материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча – 25,2% (485 арыз), майып тобун аныктоо жөнүндө – 4,7% (90 арыз), үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 9,8% (189 арыз), укуктук маселелер – 0,9% (18 арыз), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселеси боюнча -7,2% (138 арыз), эмгек маселеси- 5,4% (103 арыз), ишке орношуу – 3,9% (75 арыз), укуктук меселе – 0,9% (18), гендер маселеси боюнча – 0,3% (5 арыз), гуманитардык жардам боюнча – 0,8%(16 арыз), корруция маселеси – 0,9% (18 арыз), мониторинг – 1 жана угуу аппараттар, үй-интернаттарга аныктоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине даттануу, санаторий-курортторго жолдомолор, каржылоо маселелери жана башкалар боюнча – 10,4% (201 арыз).
Каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарынан – 40,7%, Чүй обл. – 21,7%, Ош – 10,3%, Жалал-Абад – 8,3%, Нарын – 6,2%, Ысык-Көл – 5,9%, Баткен – 4,4%, Талас – 3,5% келип түшкөн.
2019-жылы министр Улукбек Кочкоров – 287, Статс-катчы Каныбек Адиев – 223, министрдин орун басарлары: Камалдин Токтосартов – 59, Жаныл Алыбаева – 116, Ализа Солтонбекова – 11 адамды кабыл алган.
Ошондой эле, республика боюнча 152 жаран он-лайн режиминде кабыл алынган.
Коомдук кабылдама тарабынан 2453 жаран кабыл алынса, алардын ичинен 2011 жарандын маселеси оң жагына чечилген, ал эми калгандарына түшүндүрүү берилген.

Пайдалуу
Ссылкалар