Министрлик Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору кызмат ордуна талапкерлерди аӊгемелешүү үчүн чакырат

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (мындан ары РПОБ) директору кызмат ордуна талапкерлерди аӊгемелешүү үчүн чакырат. Андан ары министрдин сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри талапкерди кызмат ордуна дайындайт.

Критерийлер:

– инженер-техникалык,экономикалык, юридикалык жогорку билим;

– өндүрүш жана социалдык чөйрөдө жетекчилик кызмат ордунда 5 жылдан жогору иш стажы;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын, социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, мекеменин (РПОБМ) ченемдик укуктук актыларын билүүсү ;

– мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

– компьютердик көндүмдөрдү (Word, Excel, Power Рoint ж.б.) билүүсү;

Билүүсү:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоону жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;

– өздүк жана лидердик сапаттарга ээ болуусу;

– башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартат;

– чыр-чатакка алып келүүчү маселелерди өз убагында аныктоону жана чечүүнү;

– коюлган милдеттерди чечүүдө жаӊыча мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү:

– түзүмдүк бөлүнүштүн жана өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү;

– конфликтик кырдаалдарды жөнгө салууну.

Катышуучулар аӊгемелешүүнүн жүрүшүндө Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин ишин оптималдаштыруу боюнча конкреттүү сунуштарын берүүсү керек.

Документтер (резюме, паспорттун көчүрмөсү, дипломдун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү) 2020-жылдын 17-февралында саат 10:00го чейин  төмөнкү даректе кабыл алынат: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215, 2-кабат, 204-кабинет (Адамдык ресурстарды башкаруу бөлүмү),байланыш телефону: 663685.

Аӊгемелешүү 17-февралда саат 15:00до Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде болот.

Пайдалуу
Ссылкалар