«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын январь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  январында  11814  телефондон кайрылуу (же бир суткада 381 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 187 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 20 же  (10,6 %) жаш балдардан, ал эми 167 же (89,4 %) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 127 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 49 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

187 чалуунун  ичинен эркектерден – 58 (31,0 %), аялдардан – 129 (69,0 %), алардын ичинен балдардан – 20: анын ичинен эркек балдардан – 4 (20,0%), кыздардан – 16 (80,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 69 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 27;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 16;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 14;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 11;

– психологиялык жабырлануудан – 11;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 10;

– билим берүү системасы боюнча – 8;

– медициналык камсыздоо боюнча – 6;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– ар кандай суроолор менен – 5.

11627 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат. 

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  67 же  (35,8 %);

– Чуй облусунан – 31 же (16,6 %);

– Джалал-Абад облусунан – 30 же (16,0 %);

– Ош облусунан – 22 же  ( 11,8 %);

– Ысык – Көл облусунан – 13 же  (7,0 %);

– Нарын обласынан – 11 же (5,9 %);

– Баткен облусунан – 10 же  (5,3 %);

– Талас обласынан – 3 же (1,6 %).

Пайдалуу
Ссылкалар