КР туруктуу өнүктүрүү максаттарынын жетишкендиктеринин ыктыярдуу Улуттук серептин долбоорун даярдоо боюнча саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу болуп өттү

2020-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча ыктыярдуу улуттук серептин долбоорун (Улуттук сереп) даярдоо боюнча саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаевдин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды:

– Улуттук серепти даярдоо процессине бардык кызыкдар тараптарды кеңири тартуунун маанилүүлүгү көрсөтүлсүн,

– калктын аялуу катмарларынын саламаттыгын сактоо кызматынын жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо,

– документ даярдоого региондор тартуу ж. б.

Ошондой эле, улуттук серептин долбоорун сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана коомдук консультацияларды кеңири форматта саламаттыкты сактоо кызматтарын алуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен өткөрүү жөнүндө чечими кабыл алынды

Пайдалуу
Ссылкалар