ЭСӨМдө Эл аралык эне тил күнүнө карата Министрликтин кызматкерлерине “Кеп маданиятынын коомдогу орду” деген темада мастер-класс уюштурулду

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген.
ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин эл аралык жылы деп жарыялаган.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Эл аралык эне тил күнүн белгилөө, ошондой эле кызматкерлердин мамлекеттик тилде иш алып баруусун жогорулатуу максатында максатында 2020-жылдын 24-февралында Министрликтин кызматкерлерине филология илимдеринин кандидаты, доцент Уметалиева Толкун Усеновна “Кеп маданиятынын коомдогу орду ” деген темада мастер-класс өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында статс-катчы К.Адиев Т.Уметалиевага кызматкерлерге мастер-класс өтүп бергендиги үчүн Министрликтин ыраазычылык катын тапшырды. 

Пайдалуу
Ссылкалар