Кесиптик багыт берүү – ийгиликке жетүүнүн ачкычы

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаардык Ч. Айтматов атындагы (Сапат) лицейинде кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөзүштү. 9-класстын окуучуларына, жеке кызыкчылыктарын кесиптик чөйрөнүн талаптары менен салыштыруучу “Кызыкчылыктардын навигатору” тести өткөрүлдү. Тестин жыйынтыгы, окуучуларга келечекте кайсы кесиптер тармагы туура келерин көрсөттү. Мындан сырткары балдар “Бешти байкап көр”, “Мобилдик паркур”, “Балдардын паркуру” кесиптик багыт берүү оюндарына катышышты. Бул оюндарда окуучулар өздөрүнүн күчтүү жактарын билгенге мүмкүнчүлүк алышты.
Кесиптик тестирлөөнү 90дон ашуун окуучу өттү. Балдар жүргүзүлгөн кесиптик багыт берүү боюнча иш-чарадан өздөрүнүн шык-жөндөмдөрүн биле алгандыгын жана бул аларга келечектеги кесип тандоодо жардам берет деген ойлорун айтышты.

Пайдалуу
Ссылкалар