«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын март айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  1 – 8 мартына  чейин  2763  телефондон кайрылуу (же бир суткада 394 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 42  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 4 же  (9,5%) жаш балдардан, ал эми 38 же (90,5%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

42 чалуунун  ичинен эркектерден – 12 (28,6%), аялдардан – 30 (71,4%), балдардан – 4: анын ичинен эркек балдардан – 1 (25,0%), кыздардан – 3 (75,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО                 кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип -3;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– ар  кандай суроолор менен – 1.

2721 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  16 же  (38,0%);

– Чуй облусунан – 7  же (16,7%);

– Джалал-Абад облусунан – 5 же (11,9%);

– Ош облусунан – 5 же  (11,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 же (9,5%)

– Баткен облусунан – 2 же  (4,8 %);

– Нарын обусунан – 2 же (4,8%);

– Талас облусунан -1 же (2,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар