«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын март айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22  мартына  чейин 3006 телефондон кайрылуу (же бир суткада 429 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 29  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 3 же  (10,3%) жаш балдардан, ал эми 26 же (89,7%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 23 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 1 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

29 чалуунун  ичинен эркектерден – 9 (31,0%), аялдардан – 20 (69,0%), балдардан – 3: анын ичинен эркек балдардан – 1 (33,3%), кыздардан – 2 (66,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 7 абонент чалган;

– ар кандай суроолор менен – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор – 4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу -2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип -2;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 2;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу –1;

– психологиялык жабырлануудан – 1;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1.

2977 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  13  же  (44,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 же (17,3%);

– Чуй облусунан – 4 же (13,8%);

– Ош облусунан – 3 же  (10,3%);

– Ысык – Көл облусунан – 2 же  (6,9%);

– Талас облусунан – 2 же (6,9%)

Пайдалуу
Ссылкалар