Чаткал районунда аз камсыз болгондор, ДМЧадамдар жана медицина кызматкерлери гуманитардык жардам алышты

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын эң аярлуу катмарына: мамлекеттин камкордугуна алынган жарандарга, майыптыгы бар балдарды баккан ата-энелерге жеке ассистенттерге, тоголок жетимдерге, өтө жакыр жашаган, азык-түлүккө муктаж болгон жарандарга 10 тонна ун (200 мүшөк), антисептиктер жана маскалар таркатылды. Ундун 5 тоннасы күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине берилген.

Аталган жардам Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, райондук штаб башчысы Канжарбек Эшалиев жана райондогу кең иштетүү “Заав Чаарат” компаниясы тарабынан берилген.

Пайдалуу
Ссылкалар