ЭСӨ Министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыздоого 4 750 800 сом бөлдү

Калктын азык-түлүккө болгон муктаждыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн комиссия бүгүнкү отурумунда Чүй облусундагы, Бишкектин тегерегиндеги конуштардагы (статусу бар, статусу жок) азык-түлүккө муктаж үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоо чечимин кабыл алды. Аны Өкмөттүн Чүй облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ишке ашыра турган болду. Бул иш чарага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсепке түшкөн каражаттан 4 750 800 сом бөлүндү.

Мындан сырткары, мамлекеттик материалдык резервден Чүй жана Бишкек шаарына кошумча 400 тонна ун бөлүндү.

Пайдалуу
Ссылкалар