2020-жылдын 1-мартына карата өлкөдө 425,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпулдарды алышат

2020-жылдын 1-мартына карата өлкөдө 425,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпулдарды алышат. Анын ичинен 309 437 миң балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул төлөнөт (96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр).  Учурда аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түзөт.

Ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 93 546 адам болсо, анын орточо өлчөмү 3009 сомду түзөт. Балага сүйүнчү жыл башынан тартып 22,9 миң адамга төлөнгөн.

Кош бойлуулук, төрөт жана сөөк коюуга алган жөлөкпулдардын жалпы саны 6,2 миң адамды түзөт (кош бойлуулук 5,7 миң адам, орточо өлчөмү 9311 сом, ал эми сөөк коюууга 500 адам, орточо өлчөмү 3 435 сом)

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156,3 мин адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы  жумушсуздардын саны 97,4 мин адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78,0 мин адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам (өлчөмү 300 сом).

Мындан тышкары ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41,2 миң адам.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден – соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөөрүн белгилейт.

Министрлик 6-7 апрелде шаардык/район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына акча каражаттарын которот, ал эми алар өз кезегинде, 7-8 апрелде банктарга жана “Кыргызпочтасына” которушат. 9 апрелден тартып «Кыргызпочтасы» мамлекеттик акчалай төлөмдөрдү алуучуларга жеткирип беришет. Банктар 8-9 апрелде алуучулардын карточкаларына каражаттарды түшүрүп беришет.

Муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу

Учурда республиканын бардык аймактарында 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик материалдык резервден 5400 тонна ун таркатылууда. Шаардык/район аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү үйлөрүнө чейин жеткирип жатышат (жардамды кайрымдуулук уюмдары, ишкерлер, жарандар жб. көрсөтүүдө).

Мындан сырткары, мамлекетик органдардан, коомдук жана кайрымдуулук уюмдардан түзүлгөн “Жардам штабы” ачылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсеби ачылган. Ага мамлекеттик уюмдардан, жеке компаниялардан, жарандардан акча каражаттары түшүүдө

Жардам штабы бүгүнкү күндө республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. «1227» түз байланыш, WhatsApp 0558 526001, “Народный штаб — Биз барбыз” Telegram-каналы, “Жардам берем” мобилдик тиркеме, “Жардам штабынын” Facebook социалдык баракчасы аркылуу кайрылган муктаж жарандарга  ыктыярчылар (волонтер) күн сайын азык-түлүктөрдү үйлөрүнө калтырышууда.

Жогоруда аталган каналдар аркылуу жарандардан телефон чалууларды жана тапшырыктарды кабыл алган күндөн тартып жарандардан бардыгы 210 779 кайрылуу түшкөн. Белгилей кетчү нерсе, колунда бар, жашоо шарты жакшы адамдар дагы жардам сураган учурлар болгон. Буга байланыштуу, гуманитардык жардамдарды чыныгы турмуштук оор кырдаалга кабылган  жарандарга берүү үчүн, чогултулган тизмелер жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге текшерилет.

Министрликтин депозиттик эсебине 6 466 962,39 сом түштү.  Бүгүнкү күндө Комиссия ушул суммадан 11 916 (2500 үй-бүлө Мэриядан, 9 416 үй-бүлө  Чүй облусунан) муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздоого акча каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алды. Бул  Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы статусу жок жаңы конуштарда каттосуз жашаган жарандарга берилет. Финансылык каражат түшкөн сайын бардык аймактарга дагы бөлүнүп берилет.

Мындан сырткары, БУУнун Азык-түлүк коопсуздугу менен бирге алып барылган иш аракеттердин алкагында долбоорго катышкан жарандарга (Ош, Джалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас) 600 тонна ун, май таркатылды. Жакынкы арада дагы 1000 тона азык-түлүк таркатылат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар