«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын апрель айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 апрелине чейин 2681 телефондон кайрылуу (же бир суткада 383 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 454 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 35 же  (7,7%) жаш балдардан, ал эми 419 же (92,3%) чоң адамдардан түшкөн. Анын ичинен 419 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 29 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

454 чалуунун  ичинен эркектерден – 116 (25,6%), аялдардан – 338 (74,4%), балдардан– 35: анын ичинен эркек балдардан – 14 (40,0%), кыздардан- 21 (60,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 196;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 100;

– психологиялык жабырлануудан – 29;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 23;

– социалдык жардам сурап – 20;

– ар кандай суроолор менен – 20;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 16;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 14;

– медициналык камсыздоо боюнча – 13;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 10;

– билим берүү системасы боюнча – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 2.

2227 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  196 же  (43,2%);

– Ош облусунан – 94 же (20,7%);

– Чуй облусунан – 59  же (13,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 53 же (10,6%);

– Баткен облусунан – 16 же  (3,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 15 же (3,3%);

– Нарын обусунан – 14 же (3,1%);

– Талас облусунан – 7 же (1,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар