Базар-Коргон районунда мамлекеттик материалдык резерден бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резервинен  бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө түзүлгөн комиссиянын катышуусунда таркатылып берилди.

Базар-Коргон району боюнча “1227.tunduk.kg” сайты аркылуу 10 552 жаран азык-түлүк муктаждыгы боюнча электрондук арыз беришкен. Андан 556 жарандын арызы кайтарылган (азык-түлүккө муктаж эмес), 1694 жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы 8302 жарандын электрондук арыздары кароого кабыл алынды.

Пайдалуу
Ссылкалар