Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда багып алуучу үй-бүлөлөрдү түзүү боюнча он-лайн тренинг өткөрүлдү

2020—жылдын 13 – майынан 14- майына чейин райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн адистери, улуттук тренерлер, менеджерлер жана үй-бүлөлүк тарбиялоонун формаларын өнүктүрүү кызматынын социалдык кызматкерлери багып алуучу үй-бүлө кызматын уюштуруу жана  алар менен иштөөнүн жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү боюнча он-лайн тренинг өттү. Бул тренинг мурда өткөрүлгөн багып алуучу үй-бүлөөлөрдү түзүү боюнча семинардын уландысы болуп саналат.

Тренингдин алкагында катышуучулар өздөрүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга, багып алуучу үй-бүлө кызматын өнүктүрүү боюнча практикалык иш-куралдарына ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Атайын окуудан өткөн адистер багып алуучу үй-бүлөлөргө талапкерлер болгондорго: профессионалдуу маалымат берүүгө, аларга баалоо жана  тандоо жүргүзүү, багып алуучу үй-бүлөнү түзүү,   багып алынган баланын тарбияланышына мониторинг жана  багып алуучу үй-бүлөгө супервизия жүргузүүгө бирдиктүү аракет кылышат.

Бул кызматтын түзүлүшү  балдар үйлөрүнө жана мектеп-интернаттарга балдарды жөнөтүүнүн тажрыйбасын токтотуу, ар бир баланы үй-бүлө чөйрөсүндө сактап калуусуна  жардам берет.

Тренинг “Балдардын укугун коргочуулардын лигасы” Коомдук фонду, “Ар бир бала үчүн өнөктөштүк” коомдук уюму  (Молдова),  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирдикте, Европа Биримдигинин колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын балдары үчүн ынгайлуу  үй-бүлөлүк чөйрөнү  түзүү ” долбоордун алкагында өткөрүлдү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар