Эл аралык өнөктөштөр тарабынан жардам көрсөтүлдү

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эл аралык өнөктөштөрдөн гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму тарабынан социалдык кызматкерлер үчүн – 830 коргоочу костюмдар, ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан –  4500 азык-түлүк баштыкчалары берилген.

Азык-түлүк түрүндө берилген гуманитардык жардам өлкө боюнча муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылган.

Пайдалуу
Ссылкалар