Пандемия учурунда SOS Балдар айылдары Кыргызстан жана «Балалык институту» Коомдук фонддору өнөктөштөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү

Пандемия учурунда SOS Балдар айылдары Кыргызстан жана «Балалык институту» Коомдук фонддору өнөктөштөрүнө: Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына, Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерине, Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун (Балдар үйү) кызматкерлерине, ошондой эле Бишкек шаарынын Балдар үйүнүн жана Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын багып алуучу (фостердик үй-бүлөлөр) үй-бүлөлөргө  гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Жеке коргонуу каражаттары, азык-түлүк баштыкчалары, мобилдик байланыш жана обочолонгон кыймыл үчүн унаа менен камсыз кылуу түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы – 556 812 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, карантин учурунда социалдык кызматкерлерге жергиликтүү социалдык жардамды уюштуруу үчүн психологиялык жардам жана консультация берилүүдө. Жардам Европалык бирликтин долбоору алкагында көрсөтүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар