Кыргызстанда жыл сайын 18-июнда Элеттик аялдар күнү белгиленет

Кыргызстанда жыл сайын 18-июнда Элеттик аялдар күнү белгиленет.

1902-жылдын 18-июнда Чүй облусунун Белек айылында эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарова аттуу көрүнүктүү аял төрөлгөн. Ал колхоздук өндүрүштүн кызылчачы жана рационализатору, КПССтин мүчөсү, эки чакырылыштагы СССР Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Төрагасынын орун басары болгон.

Кайназарова жооптуу кызматкер гана эмес, ошондой эле эне болгон. Кансыз балдары жок болгондугуна карабай, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда алты ар улуттагы жетим балдарды (кыргыздар, өзбектер, орустар, поляктар жана башкалар) багып алган.

2015-жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Зууракан Кайназарованы эскерүү максатында 18-июнь Элеттик аялдар күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.

Кыргыз аялдарынын 60% ашыгы айыл жеринде жашашат. Көбүнчө, алар айыл жерлеринин гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн негизги звеносу болуп саналат. Алар айыл чарба тармагында жумушчу күчүнүн олуттуу үлүшүн түзөт.

Мамлекет айылдык аялдарды колдоого бардык аракеттерди жасап жатат. Бул үчүн мыйзам актылары иштелип чыгып атат, жакырчылыкты жоюуга, азык-түлүк коопсуздугун өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз болууга жана ыңгайлуу иштөөнүн укуктук жана институционалдык негизин түзүүгө багытталган чаралар көрүлүүдө. Турмуштун оор кырдаалына туш болгон аялдарга системалуу жардам да көрсөтүлүп жатат.

Пайдалуу
Ссылкалар