Өлкөдө 34 багып алуучу үй-бүлөдө 63 бала тарбияланууда

Учурда республикада 34 багып алуучу үй-бүлөдө 63 бала тарбияланууда.
Өлкөдө бир нече жылдан бери ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүү үчүн убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматын өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барылууда.
Балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасы республикада артыкчылыктуу форма экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «Балалык институту» коомдук фонду менен биргеликте Чүй облусунун Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн адистерин багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандарды тартуу максатында маалымат кампаниясын уюштурууну, ошондой эле алардын билим алышы үчүн потенциалдуу багып алуучу ата-энелерди тандоо тууралуу окутуу уюштурду.
Тренинг Европа Биримдигинин “ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КАМКОРДУК ФОРМАСЫ: оор кырдаалга кабылган балдар жана үй бүлөлөр үчүн коомдоштук деңгээлинде үй-бүлөгө багытталган социалдык кызматтарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пайдалуу
Ссылкалар