«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын июнь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын июнь айында 12058 телефондон кайрылуу (же бир суткада 401 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 332 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 53 (же 16,0%) жаш балдардан, ал эми 279 (же 84,0%) чоң адамдардан түшкөн. Анын ичинен 223 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 52 абонентке психологиялык консультация берилди, 57 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

332 чалуунун ичинен эркектерден – 87 (же 26,2%), аялдардан – 245 (же 73,8%), балдардан– 53, анын ичинен эркек балдардан – 20 (же 37,7%), кыздардан – 33 (же 62,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 56;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 53;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 40;  

– психологиялык жабырлануудан – 36; 

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 34;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –27;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 22;

– ар кандай суроолор менен – 17;

– медициналык камсыздоо боюнча – 15;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 12;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 9;  

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

 –  суицид тууралуу кайрылуу – 2.

11726 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

57 кабарланган билдирүүнүн ичинен 42 же 73,7% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү, 14 же 24,5% – ички иштер органдарына, 1 же 1,8% билим берүү системасына жөнөтүлдү.

      Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 101 (же 30,4 %);

– Чуй облусунан – 59 (же 17,8 %);

– Жалал-Абад облусунан – 38 (же 1,4%);

– Ош облусунан – 23 (же 7,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 21 (же 6,3 %);          

– Ош шаарынан – 20 (же 6,0 %);

– Нарын облусунан – 15 (же 4,5%);

–  Талас облусунан – 11 (же 3,3%);

– Баткен облусунан – 9 (же 2,7 %);

 – анонимдерден –  35 (же 10,5 %).

 

Пайдалуу
Ссылкалар