Министрликтин жалпы жамааты Усенбаева Нарынкуль Садыбакасовнанын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
КӨҢҮЛ АЙТУУ
Пневмония оорусунан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан кесиптешибиз, Ак-Суу районундагы психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин директору Усенбаева Нарынкуль Садыбакасовнанын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Эмгекчил, мыкты уюштуруучу, калыс жетекчи катары дайыма жүрөгүбүздө сакталасыз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Министр Улукбек Кочкоров,
Статс-катчы Каныбек Адиев,
министрдин орунбасарлары Камалдин Токтосартов,
Ализа Солтонбекова,
Жаңыл Алыбаева,
министрликтин Борбордук аппаратынын эмгек жамааты,
министрликтин райондук, шаардык башкармалыктарынын эмгек жамааты