Министрликке жалпы суммасы 700 миң сомду түзгөн медициналык буюм түрүндө гуманитардык жардам берилди

“ИТАР” фонду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жалпы суммасы 700 миң сомду түзгөн медициналык буюм түрүндө гуманитардык жардам берди.

Министр Улукбек Кочкоров “ИТАР” фондунун өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын жана келечекте жемиштүү кызматташуу ишенимин билдирди.

“Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медициналык мекемелердин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерине жооп бере турган кураторлорду бекиткен. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки медициналык мекеме – Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институту, ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борбору бекитилген. Өнөктөштөр тарабынан берилген гуманитардык жардам ушул мекемелерге берилет”, – деди У.Кочкоров.

Ал бүгүнкү күндө медициналык мекемелер бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар, дары-дармектер менен толук көлөмдө камсыз болгондугун белгиледи.

Гуманитардык жардамдын тизмеси:

1. Антисептик 800 литр;

2. Хлор – 500 граммдан 1000 пакет;

3. Самын-1700 даана;

4. Коргоочу бет кап 3400 даана;

5. Жеке коргонуу каражаттарынын топтому – 200 даана;

6. Кычкылтек концентратору- 4 даана.

Пайдалуу
Ссылкалар