«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын июль айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 июлуна чейин  2643 телефондон кайрылуу (же бир суткада 377 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 90 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 25 (же 27,8%) жаш балдардан, ал эми 65 (же 72,2%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 77 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

90 чалуунун  ичинен эркектерден – 24   (26,7%), аялдардан –66 (73,3%), балдардан – 25: анын ичинен эркек балдардан – 5 (20,0%), кыздардан – 20 (80,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 23;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам  -12;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– социалдык жардам сурап – 7;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 8.

– медициналык камсыздоо боюнча – 7;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

 – ар кандай суроолор менен – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– суицид туралуу кайрылуу -1.

2553 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 26  (же 28,8%);

– Чуй облусунан – 13 (же 14,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 11 (же 12,2%);

– Ош облусунан – 10 (же 11,1%)

– Анонимдерден – 8 (же 8,8%);

– Баткен облусунан – 6  (же 6,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 5,5%);           

– Нарын облусунан – 5 (же 5,5%);

– Талас облусунан – 4 (же 4,4%);

– Ош шаарынан – 2 (же 2,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар