Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 3803,5 млн.сом каржыланган

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду   алуучулардын саны 503,2 миң адамды түздү. “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 339,2 миң  адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96,7 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 67,3 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,8  сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түздү.

“Балага сүйүнчү” жөлөкпул 2018-жылдын 1-январынан тартып жаны төрөлгөн бардык балдарга 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө чектелет.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы   суммасы 3803,5 млн.сом (өсүш 4,2%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 1735,7 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 1795,9 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 271,9 млн.сом каржыланган.

Пайдалуу
Ссылкалар