Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 100,2 миң адамды түзгөн

Министрлик жумушсуз жарандарды  жумушка орноштурууга көмөктөшүүгө багытталган аракеттерди дайыма ишке ашырып келет..

2020-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 100,2 миң адамды түзгөн, алардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар – 78,6 миң адам.

Республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,1% түзгөн, экономикалык активдүү калктын санынан (2538,7 миң адам). Ошол эле учурда расмий жумушсуздуктун денгээли Жалал-Абад (24,0 миң адам же болбосо 6,3%), Баткен (10,8 миң адам же болбосо 5,5%),   Ош (20,4 миң адам же болбосо 3,4%) облустарында байкалат. Ал эми төмөн деңгээл Бишкек шаарында (5,5 миң адам же болбосо 1,1%) жана Чуй облусунда (4,5 миң адам же болбосо 1,2%)  катталган.

Иш менен камсыз кылуу кызматына билдирилген бош орундардын саны 10,3 миң бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон. 3,0 миң  жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 32 адам талапкер болгон.

2020-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 62,9 миң адам кайрылган. Жалпысынан 39,6 миң адам эмгек жана ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелери, кесиптик жана кайрадан окуу, кесип тандоо боюнча консультацияларды алышты.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 6,9  миң жумушсуз ишке орноштурулган.

Мындан тышкары, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү эмгек рыногунда активдүү чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Отчеттук мезгилде эмгек рыногунда активдүү иш-чаралар (акы төлөнүүчү коомдук иштер, кесипке окутуу) менен 9,7 миң адам камтылган.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 7,0 миң адам жиберилген.

Эмгек рыногундагы жумушсуздардын атаандаштыгын жогорулатууда эмгек рыногунун талабын эске алып, белгилүү бир кесипке жумушсуздар окутууга жөнөтүлөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында кесиптик окутууга 2,7 миң адам жиберилген. Ишсиз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге өткөрүлгөн. Бул-газоэлектроширеткич, чач тарач, компьютер оператору, 1С билген бухгалтер, ашпозчу, швея, бычмачы, офис-менеджер, электромонтаждоочу, айдоочу болгон.

 

Пайдалуу
Ссылкалар