Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) жеке коргонуу каражаттарын берди

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөрдүн турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иштеген кызматкерлерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке коргонуу каражаттарын (бет кап , кол кап, дезинфекциялоочу каражаттар ж. б.) берди.

Товарларды жеткирүү 1,3 млн. сом суммасында ишке ашырылган. Коргоочу каражаттар республиканын аймактык бөлүмдөрү боюнча андан ары бөлүштүрүү үчүн Министрликке жана Ош шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жеткирилип берилди.

ЮНИСЕФ аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин кошумча түрдө 460 миң сомдон ашуун суммага коргоочу костюмдарды камсыз кылат.

Ошондой эле мурда коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында, 2020-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгү  билим берүү, саламаттыкты сактоо, ошондой эле социалдык өнүктүрүү системасындагы балдар мекемелерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылган.

 

Пайдалуу
Ссылкалар