Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 17,0 миң адамды түздү

Ушул жылдын 1-июлуна карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 17,0 миң адамды түздү, алардын ичинен кош бойлуулук  жана төрөт боюнча жөлөкпул 15,7 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,3 миң адам.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10293,0 сом. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3442,4 сом.

Аталган жөлөкпулдарды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 166,7 млн. сом каржыланган, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга 162,2 млн. сом, ал эми расымдык жөлөкпулга 4,5 млн. сом сарпталган.

Пайдалуу
Ссылкалар