«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын август айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22- августуна чейин  3268 телефондон кайрылуу (же бир суткада 466 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 91 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 41 же 45,0% жаш балдардан, ал эми 50 же 55,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 28 абонентке психологиялык консультация берилди, 14 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

91 чалуунун  ичинен эркектерден – 17 (же 18,7%), аялдардан – 74 (же 81,3%), балдардан– 41: анын ичинен эркек балдардан – 9 (же 22,0%), кыздардан – 32 (же 78,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 24;

– социалдык жардам сурап – 14;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 14;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери боюнча – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– ар кандай суроолор менен –2 ;

–  суицид тууралуу – 1.

3177 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 32 (же 35,2%);

– Чуй облусунан – 11 (же 12,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 10 (же 10,9%)

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 8,8%);           

– Ош шаарынан –  (же 5,5%);

– Ош облусунан – 4 (же 4,4%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,2%);

– Баткен облусунан – 1 (же  1,1%);

– анонимдерден – 18 (же 19,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар