Министрликке болгон ишеним 9,5 пайыздык пунктуга жогорулап 33,2 % түздү

Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоочу маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири бул калктын ишеним индекси.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине болгон калктын ишеними туруктуу өсүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына  ылайык 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында калктын ишеним индекси 2019-жылдын  1-жарым жылдыгына салыштырмалуу Министрликке болгон ишеним 9,5 пайыздык пунктуга жогорулап 33,2 % түздү. Калктын ишениминин эң жогорку деңгээли  Баткен (53,6%), Жалал-Абад (47,9%), Нарын (46,4%)  облустарында байкалды.

Министрликке жарандардын жеке ишеним индекси 6,8 пайыздык пунктуга жогорулап 40,5 % түздү. Калктын жеке ишениминин жогорку деңгээли Ош (56,2%), Баткен (53,9%), Жалал-Абад (52,4%) жана Талас (52,1%) облустарында байкалды.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында Министрликке болгон калктын ишеним индекси 22,7% дан 33,2% га чейин жогорулаган (өсүш – 10,5 пайыздык пункт).

Министрликке болгон ишенимдин жогорулашы калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатынын жакшыртылышы, калкты  социалдык толомдор жана кызматтар менен камтууну жогорулатуу, ошондой эле калктын аларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу аркылуу болду.

Министрликтин системасына санариптештирүү технологияларын киргизүү   жарандарга кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жеңилдетти. Бул болсо баланы асырап алууда жана жөлөкпул алуу үчүн талап кылынган ар кандай маалымкаттардын санын кыскартууга мүмкүндүк берди.

Эмгек рыногунун маалыматтык  системасын киргизүүдө жумушсуздарга жана жумуш берүүчүлөргө эмгек рыногунун учурдагы тенденцияларын, суроо-талапка ээ болгон кесиптер жана бош жумуш орундары жөнүндө маалымат берүүгө мүмкүндүк берди.

Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылдын жыйынтыгы менен  Министрлик санариптештирүү боюнча мыкты мамлекеттик органдардын катарына кирген.

Министрликтин жетекчилиги жарандарды жеринде, ошондой эле Ош шаарынын жана анын тегерегиндеги райондордун тургундарын онлайн режиминде тынымсыз кабыл алып турду.

2019-жылдан баштап Министрликтин WhatsApp номери (0-990 60-30-30)  иштеп жатат. Бардык жарандардын кайрылуулары тез арада каралып чыгып чечилүүдө.

Өзгөчө кырдаал/Өзгөчө абал режими киргизилгенине карабастан жөлөкпулдар жана компенсациялар түрүндө социалдык төлөмдөр толук көлөмдө  менен төлөндү.

Калктын ишеним индекси – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу органдарынын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын мамилесин чагылдырган коомдун массалык маанайын өзгөртүүчү жалпылаган көрсөткүч.

Пайдалуу
Ссылкалар