«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын август айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын августа 15164 телефондон кайрылуу (же бир суткада 489 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 390 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 199 (же 51,0%) жаш балдардан, ал эми 191 (же 49,0%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 227 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 123 абонентке психологиялык консультация берилди, 40 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

390 чалуунун ичинен эркектерден – 71 (18,2%), аялдардан – 319 (81,8%), балдардан– 199: анын ичинен эркек балдардан – 35 (17,6%), кыздардан – 164 (82,4 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан –91;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу –65;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап –50;

– социалдык жардам сурап –36;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –31;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат –26;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –23;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу –19;

– ар кандай суроолор менен –13;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –9;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип –8;

– билим берүү системасы боюнча –8;

– медициналык камсыздоо боюнча –6;

– суицид тууралуу –4;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

14774 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 116 (же 29,7 %);

– Чуй облусунан – 49 (же 12,6 %);

– Ош облусунан – 19 (же 4,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 35 (же 9,0%);

– Ош шаарынан – 24 (же 6,1 %);

– Ысык-Көл облусунан – 31 (же 8,0 %);

– Талас облусунан – 17 (4,4%);

– Баткен облусунан – 8  (же 2,0 %);

– Нарын облусунан – 8 (же 2,0%);

– анонимдерден – 83 (же 21,3 %).

 

Пайдалуу
Ссылкалар