КР ЭСӨМ жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду “Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” боюнча тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,  111 – “Балдар үчүн  ишеним телефону” борбору,  “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду менен биргеликте USAID жана FHI 360 “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 10-сентябрында, “Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” боюнча тренинг өткөрдү

КРТренингдин катышуучулары: «111 Балдар үчүн ишеним  телефону» борборунун кызматкерлери, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн башчылары, үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорунун жетекчилери жана адистери, ошондой эле зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борборлорунун жетекчилери, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жана Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Түп, Сокулук, Ленинское, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын социалдык педагогодор жана социалдык кызматкерлер.

Тренинге жалпысынан 45 адам катышты.

Иш-чаранын спикерлери карылардын жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укугун коргоо боюнча көз карандысыз эксперттер Назгүл Турдубекова, Светлана Баштовенко, Сейнеп Дыйканбаева болушту

Тренингдин катышуучулары улгайган адамдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясат боюнча керектүү маалыматтарды алышты. Учурда Кыргызстанда улгайган адамдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын жакшыртуу үчүн кандай  чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат алышты. Баяндамачылар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Пайдалуу
Ссылкалар