Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды
Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды.
Эске салсак, COVID-19 пандемия учурунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки медициналык мекеме бекитилген: Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору.
Аталган мекемелерди көзөмөлдөө учурунда, 2020-жылдын 8-июлунан тартып коронавирус илдетине чалдыккан баардыгы – 1116 адам дарылууга келген. Алардын ичинен – 1079 айыгып кетсе, 37 – каза болгон.
2020-09-14