«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын сентябрь айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 сентябрына чейин 2499 телефондон кайрылуу (же бир суткада 357 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 87 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, алардын арасынан 33 (же 38,0%) жаш балдардан, ал эми 54 (же 62,0%) чоң адамдардан түшкөн. Анын ичинен 57 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 18 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

87 чалуунун  ичинен эркектерден – 21 (же 24,1%), аялдардан – 66 (75,9%), балдардан– 33: анын ичинен эркек балдардан – 13 (же 39,4%), кыздардан – 20 (же 60,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 20;

– психологиялык жабырлануудан – 16;

– социалдык жардам сурап – 12;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– юридикалык  жана башка жардам сурап – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1.

  2412 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 28  (же 32,2%);

– Чуй облусунан – 12  (же 13,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 8 (же 9,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 5,7%);

– Баткен обулусунан – 4 (же 4,6%)

– Талас облусунан – 4 (же 4,6%);

– Ош облусунан – 2 (же 2,3%);

– Ош шаарынан – 2 (же 2,3%).

– Нарын обусунан – 2 (же 2,3);

– анонимдерден – 20 (же 23,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар