Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Төмөнкү-Серафимовкадагы ДМЧАлар жана карылар үчүн социалдык стационардык мекемеге гумжардам берди

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы карылар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн  Төмөнкү-Серафимовкадагы социалдык стационардык мекемесине гуманитардык жардам көрсөттү.

Жолугушууда Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине Ха Те Йокко көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылык айтып, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Берилген жардамдардын тизмеси:

  1. Матрацтар – 60 даана.
  2. Жууркандар – 60 даана.
  3. Тиричилик муздаткычы – 1 даана.
  4. Түстүү принтер – 1 даана.
  5. Линолеум – 50 чарчы метр
  6. Аристон (суу жылыткычтар, 30л.) – 3 даана.
  7. Электрпрефератор – 1 даана.
  8. Электрондук болгарка – 1 даана.
  9. Электрондук дрель – 1 даана.
  10. Бензопила – 1 даана.
  11. Монтаждык зым 2-изоляция – 1 катушка
  12. Чөп чапкыч – 1 даана.
  13. 2-изоляциянын зымы – 2б.
  14. Бензокос – 2 даана
  15. Колдонулган компьютерлер – 6 даана.
  16. Белек пакеттери (сүлгү + маска) – 315 даана.
Пайдалуу
Ссылкалар