«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын октябр айынын 1 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8 октябрына чейин  2564 телефондон кайрылуу (же бир суткада 366 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 57 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 21 (же 36,8%) жаш балдардан, ал эми 36 (же 63,2%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 41 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

57 чалуунун  ичинен эркектерден – 11 (же 19,3%), аялдардан – 46 (80,7%), балдардан– 21: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 23,8%), кыздардан – 16 (же 76,2 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 11;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 7;  

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– ар кандай суроолор менен –3 ;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1.

2507 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –19  (же 33,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 6 (же 10,5%);           

– Ош облусунан – 4 (же 7,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 7,0%);

– Чуй облусунан – 4  (же 7,0 %);

– Ош шаарынан – 2 (же 3,5%).

– Талас облусунан – 2 (же  3,5%);

– Баткен облусунан – 1 (же  1,8%);

– анонимдерден – 15 (же 26,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар