Бишкек шаарында «Кайрымдуулук атуулдук парзыбыз – 2020» аттуу иш-чарага өттү

Борбор калаада өткөн «Кайрымдуулук атуулдук парзыбыз – 2020» аттуу иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова катышты.

Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк Мусулман жаштар ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, атадан эрте ажыраган 300 жаш жеткинчектерге материалдык жактан колдоо көрсөтүлдү.

Чакырылган балдарга кышкы жылуу кийимдер берилди. Мындан сырткары ар бир балага 4 миң сомдон жөлөкпул жана азык-түлүк пакеттери таратылып, оюн зоокко катышууга мүмкүнчулүк түзүлдү.

Жаштар ассамблеясы Кыргызстанда иштей баштаганына 20 жыл болду. Ассамблея ушул жылдар аралыгында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырды.

Пайдалуу
Ссылкалар