«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын октябрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын  22 – 31 октябрына  чейин  3380  телефондон кайрылуу (же бир суткада 307 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 99  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 40 же 40,4 % жаш балдардан, ал эми 59 же 59,6% чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 75 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 14 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

99 чалуунун  ичинен эркектерден – 30 (же 30,3 %), аялдардан – 69 (же 69,7%), алардын ичинен балдардан – 40: эркек балдардан – 13 (же 32,5%), кыздардан – 27 (же 67,5%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 18 абонент чалган;

– социалдык жардам сурап – 12;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 11;

– психологиялык жабырлануудан – 11;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 8;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 8;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 7;

– медициналык камсыздоо боюнча – 7;

– суицид тууралуу кайрылуу – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 2;

– ар кандай суроолор менен – 1.

3281 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат. 

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 25 (же  25,3 %);

– Чуй облусунан – 20 (же 20,2 %);

– Ысык – Көл облусунан – 9 (же  9,1 %);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 7,1 %);

– Ош шаарынан – 5 (же  ( 5,0 %);

– Нарын облусунан – 2 (же 2,0 %).

– Ош облсунан – 2 (же 2,0 %);

– Баткен облусунан – 1 (жэ 1,0 %);

– Талас облусунан – 1 (же 1,0 %);

 – анонимдерден – 27 (жэ 27,3%).

 

Пайдалуу
Ссылкалар