Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны ушул жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча 28,0 миң адамды түздү

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны ушул жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча 28,0 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Алардын ичинен кош бойлуулук  жана төрөт боюнча жөлөкпул 25,8 миң адам, расымдык жөлөкпул – 2,2 миң адам.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 10194,4 сом. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3450,9 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы 270,3 млн. сомду түздү, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга 262,8 млн. сом, расымдык жөлөкпулга 7,5 млн. сом.

Пайдалуу
Ссылкалар