Министрдин орун басары Ж.Алыбаева «Единство народа в многообразии» форумуна катышты

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Эл аралык Тынчтык жана Мыйзамдын үстөмдүгү үчүн Макс Планк Фонду Борбордук Азиядагы Евразия Фонду менен биргеликте ишке ашырган «Единство народа в многообразии» форумуна катышты.

Иш-чарада министрдин орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууда ыйгарым укуктуу орган экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик курулуштагы аялдардын ролун жогорулатуу, аларды жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, аялдардын демилгелерин натыйжалуу колдоо максатында 2018-2020-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилген. Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ 2030-жылга чейинки Улуттук Стратегиянын жана 2021-2023-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ушул стратегиянын аткарылышын талдап жатат”, – дейт Ж.Алыбаева.

Долбоордун алкагында калкка көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтарга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле этникалык жамааттардагы аялдар тарабынан мамлекеттик кызматтарга жетүү боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлдү.

Коомдук комитеттердин, Министрликтин Коомдук Кеңешинин өкүлдөрү үчүн Чүй, Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында окутуу семинарлары өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чараларды Ысык-Көл жана Ош облустарында өткөрүү пландалууда.

Пайдалуу
Ссылкалар