Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду.

70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын кургап берген.

Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме – туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.

Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.

Пайдалуу
Ссылкалар