КР вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министр кызмат ордуна дайындалган Ализа Солтонбековнаны тааныштырды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министр кызмат ордуна дайындалган Солтонбекова Ализа Карыпбековнаны тааныштырды.
Эльвира Сурабалдиев жаңы министрди тааныштырып жатып, Министрлик калктын аялуу катмарын колдоо боюнча жигердүү иштерди алып барышы керектигин баса белгиледи.
“Ализа Карыпбековна жаңы кызматка дайындалганга чейин эле системада иштеп келген, мындан ары дагы Министрликтин жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн болгон күч-аракетти жумшай берериңизге ишенем”, – деди ал.
Эльвира Сурабалдиева ишине ийгилик каалоо менен бирге, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну суранды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова өз кезегинде вице-премьер-министрге ыраазычылыгын билдирип, социалдык кызматкерлердин, социалдык коргоо башкармалыктарынын адистеринин иши оңой эмес экендигин, бирок буга карабастан бөлүмдө өз ишин чын дили менен сүйгөндөр иштээрин, алар күн сайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жардам берүү боюнча максат койгондорун белгиледи. Ошондой эле ал Министрликтин жамааты абдан ынтымактуу экендигин кошумчалады.
“Ырааттуу иш гана ар бир күн сайын келип чыккан маселелерди чечүүгө, туура жолду табууга шарт түзөт жана белгилүү бир натыйжага биргелешкен аракет менен гана жетүүгө болот”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар