Россия Федерациясы Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасына муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында 8 млн. доллар бөлүп берди

Россия Федерациясы Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасына муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында 8 млн. доллар бөлүп берди. Россия Федерациясынын каржылоосу менен, болжол менен 9000 тонна азык-түлүк жардамы COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан социалдык-экономикалык кесепеттерден жапа чеккен үй-бүлөлөргө таратылат.

Гуманитардык жардамды азык-түлүк түрүндө өткөрүп берүү аземине Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев жана Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Нурдөөлөт Базарбаев катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар