Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана өнүктүрүү министрлиги

бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндө”.

7) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү;

 

Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта  ж.б.);

– чоң маалымат массивдери менен иштөө: жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу жана түзүү;

– маалыматтарды берүү;

– оргтехника менен иштөө.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы

Башкармалыктын начальниги(Б-А) 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – юридикалык, гуманитардык, экономикалык же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө”, 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”, 2013-жылдын 6-сентябрындагы №485 “2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө” токтомдорун;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тууралуу” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жобо”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү тартиби жөнүндө жобо”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө убактылуу жобо”.

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө ыкмаларды интеграциялоо жана талдоо, божомол, жалпылоо, мониторинг жана контроль жүргүзүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

 коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өзүнүн жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

– башкаруу менеджменти;

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– башкаруучулук ишмердүүлүгү (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

– эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

ченемдик-укуктук актылар менен иштөө;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

Башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим– юридикалык, гуманитардык, экономикалык же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө”, 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”, 2013-жылдын 6-сентябрындагы №485 “2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө” токтомдорун;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тууралуу”жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө” жобону;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү тартиби жөнүндө”жобону ;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги №208 токтому менен бекитилген “Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө” жобону.

Билгичтиги:

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– ишти натыйжалуу пландаштыруу;

– тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;

– калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу;

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ички аудит бөлүмү 

Башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – экономикалык, финансылык.

– Ички аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу.

  1. Иш стажи жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомун;

Билгичтиги:

  • маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • элдин алдында сүйлөө;
  • тапшырылган тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жоопкерчилик;
  • жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Бюджеттик пландаштыруу жана каржылоо башкармалыгынын бюджеттик пландоо сектору 

Башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

  – жогорку билим: финансылык, экономикалык.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана аларды толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомун;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону.

Билгичтиги:

– социалдык төлөмдөр боюнча отчетторду (салыштырып текшерүү актысын) түзүүгө;

– бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу боюнча бириктирилген балансты түзүү, баланска түшүндүрмө кат түзүү жана ведомстволук бөлүктөр боюнча баланстын эсептерине чечмелөө;

– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына ыңгайлашуу

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– «1С-Бухгалтерия» компьютердик программасы.

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 1.Жеке арызы;

  1. Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (3х4);
  2. Автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүү менен);
  3. Резюме;
  4. Паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспортунун же ким экендигин аныктаган документинин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6.Керектүү кесиптик билими, иш стажы жана квалификациясы жөнүндө тастыктоочу (нотариалдык жактан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтеринин, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);

  1. Документтер ылдам тиккичте (скоросшиватель) Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (Киев көчөсү менен кесилишет), 2-кабат, №204 кабинет дареги боюнча 2020-жылдын 15 декабрь күнү саат 18:00го чейин тапшырылышы керек.

Кошумча маалыматты 663685 телефону же www.mlsp.gov.kg. сайты боюнча алуу болот.

 

Пайдалуу
Ссылкалар